"Таза аба үчүн айылга, жайлоого чыгып кетишиң керек...". Курулуш министринин орун басары Талантбек Иманакуновдун бул сөзү кызуу талкууга түштү. Бишкектин тургундары суук башталганы борбор калааны кайрадан ыш каптап жатканына нааразы. Активисттер транспорт маселесин чечүү керек дешет.
Айнура Тажикстандагы жарандык согуш маалында Кыргызстанга энеси менен качып келген. Очор-бачар болгонуна карабай, он жылдан бери жарандык алуу аракетинен майнап чыккан жок. Балдарынын каттоосу жок болгондуктан, догдурга көрүнүү, мектепке жиберүү сыяктуу маселелер чоң тоскоолдукка айланган.
Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылындагы эс алуу жайында ур-токмоктон бир адам каза тапты. Кылмышка шек саналып кармалган төрт кишинин экөө милиция кызматкерлери экени маалым болду.
Маркумдун жакындары шектүүлөр аны ат менен кубалап, камчынын сабы менен уруп, үзөңгү менен башка тепкенин айтып, кылмыштын тыкыр иликтенишин талап кылууда.
Чүйдүн Константиновка айылынын жанында курулуш компанияларында айдоочу болуп иштеген кыргыз жана кытай жарандарынын мушташы боюнча “бейбаштык” беренеси боюнча иш козголду. Мушташта жабыркап ооруканада жаткан айдоочунун абалы орточо оор деп бааланууда.
Кыргызстанда электр энергиясын үнөмдөө аракети бир катар чектөө жана көзөмөл менен коштолууда. Жакында эле мамлекеттик мекеме, мектептерде кечинде жарык өчүрүлө баштаса, кийин кафе, ресторандардын иши кечки саат ондон кийин токтошу керек деген талап коюла баштады.
27-октябрда Бишкектин Октябрь райондук соту Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын экстремисттик деп тапты. Бул долбоорлордун ишмердигине катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердиги да экстремисттик деп таанылды.
Бишкек шаарынын жаңы башкы планынын долбоору жарыяланды. Алдын ала маалымдалгандай, шаардын айланасында темир жол магистралын төшөп, ичинде тыгынды жоюу үчүн трамвай жүргүзүү каралууда. Планда шаарды жашылдандыруу үчүн 1,5 миң гектар жер каралары жазылган.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын жаңы башкы планынын долбоорун жарыялады. 2050-жылга чейинки мөөнөткө эсептелген документтин долбоору боюнча коомдук талкуу 24-25-декабрда өтөрү айтылды. Анын негизинде түшкөн сунуш-пикирлер шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлөт.
Кыргызстанда бир апта ичинде күйүүчү майдын баасы дагы 1 сомго кымбаттады. Ушул тапта АИ-92 маркасындагы бензин 75 сом 40 тыйындан сатылууда. Нефтетрейдерлер ассоциациясы ири компаниялардын кампаларында 15-20 күнгө жете турган май бар экенин, күйүүчү май азыраак көлөмдө келип жатканын билдирди.
Бишкекте жол кырсыгынан каза тапкан өспүрүмдүн энеси бийликке кайрылып, мындай кылмышка себепчи болгон балдардын ата-энесинин да жоопкерчилигин мыйзам алкагында кароого чакырды. 18-октябрдагы каргашада бир өспүрүмдүн өмүрү кыйылды, дагы үч бала жабыркады.
Бишкекте жана аймактарда соңку күндөрү белгилүү бир убакытта жарык өчүп жатканы айтылууда.
Бишкекте мектеп окуучуларынын коопсуздугуна коркунуч жараткан видео коомчулукту дүрбөлөңгө салды. Күч органдары жана билим берүү башкармалыгы тынчсызданууга негиз жоктугун билдиргени менен 17-октябрда көпчүлүк ата-эне балдарын мектеп, бала бакчага жөнөткөн жок.
Кыргызстанда күйүүчү май кымбаттап жатат. Август айынан бери АИ-92 маркасындагы бензиндин баасы 10 сомго өстү. Нефтетрейдерлер буга Орусиядагы мунай азыктарынын тартыштыгы жана күйүүчү майдын дүң баасынын көтөрүлүшү себеп болгонун айтууда.
Кыргызстанда Баш мыйзамга өлүм жазасы боюнча өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Демилге президенттик администрацияга таандык. Сунушка ылайык, бала зордуктаган же аялды зордуктап өлтүргөн кылмышкер өлүм жазасына тартылат. Эксперттер бул үчүн кылдат талдоо зарыл дешет.
Бишкекте "Киргизия" конушунун тургундары мэрия жер маселесине байланыштуу алардын үстүнөн сотко кайрылганы белгилүү болгонун айтып жатышат. Жазында Чыңгыз Айтматов проспектиси кеңейтилип, жол жээгиндеги конуштагы үйлөрдүн жери кесилген.
Бишкектин Ак-Ордо-3 конушундагы эки адамдын өлүмү боюнча жаңы жагдайлар чыкты. Шектүү үйгө акча үчүн киргенин айтса, маркумдун жубайы кылмышка шектүү чын эле милиция кармаган 19 жаштагы жигит экенин тааныды.
Бишкектин Ак-Ордо-3 конушунда эки бир тууганды өлтүрүүгө шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, эки айга камакка алынды.
Жалал-Абад облусунда 6-октябрга караган түнү 6 баллдык жер титирөө болуп, анын толкуну Талас облусунун эки районунда сезилди. Андан бир нече социалдык объекттер жабыркады. Ушул тапта адистер аймакта турак-жайлардын абалын текшерип жатышат.
Кыргызстандын Жалал-Абад облусунда 6-октябрга караган түнү 6 баллдык жер титирөө катталып, анын эпкини Таластын эки районунда сезилди.
Дагы жүктөңүз