Кыргызстанда 15 миңден ашык кишиден ВИЧ-инфекциясы аныкталган. Илдетке кабылгандардын 60% ашыгы 20–39 жаштагы социалдык жактан активдүү адамдар. Дарыгерлер оору жыныстык жол менен тарап жатканын белгилешти.
Быйыл биринчи жолу аралыктан туруп, кайсы жерден болбосун жарандык милдетиңди аткара аласын. Так айтканда, жарандар Кыргызстанда туруктуу жана биометрикалык каттоосу болсо каалаган тилкеден добуш бере алат. Добуш берчү жерге барганда паспортту же «Түндүк» тиркемесин көрсөтсөңүз жетиштүү.
22-ноябрда Бишкекте кармалган бир нече саясий активисттин бөгөт чарасы сотто каралды. "Башаламандык уюштурууну көздөгөн" деген шек менен парламенттин мурдагы депутаты Шайлообек Атазов, Социал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков, Кадырбек Атамбаев 2026-жылдын 17-январына чейин камалды.
Айнура Тажикстандагы жарандык согуш маалында Кыргызстанга энеси менен качып келген. Очор-бачар болгонуна карабай, он жылдан бери жарандык алуу аракетинен майнап чыккан жок. Балдарынын каттоосу жок болгондуктан, догдурга көрүнүү, мектепке жиберүү сыяктуу маселелер чоң тоскоолдукка айланган.
Судьялар кеңеши 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү Кумарбек Абдыровдун буга чейинки кылмыш жазасын жеңилдеткен Бишкек шаардык сотунун мурдагы үч судьясын кылмыш жоопкерчиликке тартууга макулдук берди.
Маркумдун жакындары шектүүлөр аны ат менен кубалап, камчынын сабы менен уруп, үзөңгү менен башка тепкенин айтып, кылмыштын тыкыр иликтенишин талап кылууда.
Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага барып согушкан чет элдиктерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербей турган болду. Москва атайын мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү жактырганын орус медиасы жазды.
Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзүп, Украинага барып согушкан чет элдиктерди өз өлкөсүнө өткөрүп бербей турган болду. Эксперттер Москва Украинадагы урушка айдаган мигранттарды коргобой эле кайра аларды майданга жиберип, согуш капканынан чыгарбайт деп белгилешет.
Кыргызстанда жүздөгөн студент Орусиянын Евразия фонду каржылаган медиа мектептин үч күндүк тренингинде журналисттик жаңы көндүмдөрдү жана этикалык стандарттарды үйрөндү. Бирок иш-чаранын артында "жашыруун пропаганда жокпу" деген тынчсыздануу пайда болду.
10-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт башталды. Өнөктүк 20 күнгө уланып, 29-ноябрда аяктайт. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого катышуу үчүн жалпы 467 талапкерди каттады, алардын 276ы эркек, 191и аял.
Алмазбек Атамбаев азыркы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун соңку билдирүүсүнө, тактап айтканда энергетика тармагы тууралуу айткандарына комментарий берди. Ал Фейсбук баракчасына өз бийлигинин тушунда бул тармакта жасалган иштерге токтолуп, бул жаатта туура эмес маалымат берилип жатканын белгиледи.
Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айзирек Эралиеванын өлүмүнө байланыштуу иш Ош облустук сотунда карала баштады. Экинчи инстанциядагы соттук кароого маркумдун жакындары жана мамлекеттик айыптоочунун райондук соттун чечимине макул эместиги себеп болгон.
Дагы жүктөңүз