Жекшембиге караган түнү Орусиянын армиясынын Украинанын баш калаасы Киевге аба соккусунда жараат алгандардын саны өстү.
Киевдин мэри Виталий Кличко билдиргендей, жапырт аба чабуулунда жараат алгандар ооруканага түштү.
Шаардын бир нече районунда турак жайлар жана имараттарга зыян келтирилди. Абадан коргонуу системасы иштегенде дрон калдыктары Соломенск, Дарницк, Днепров жана Голосеев кичи райондоруна кулады.
Абадан коркунуч тууралуу эскертүүлөр жаңырып жатканы кабарланды.
Орусия тарап Киевге чабуул тууралуу комментарий бере элек.
27-сентябрга караган түнү Орусия Украинанын аймагына жалпысынан 115 согуштук дрон учурду. Бул тууралуу украин Куралдуу күчтөрүнүн Аскердик-аба күчтөрү билдирди.
Учкучсуз учактардын 97син атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү, бирок алты жерге дрон тийгени маалымдалды.
"Өткөн түнү душман Курск, Миллерово, Приморско-Ахтарск аймактарынан, убактылуу оккупацияланган Крым тараптан 115 согуштук учагын учурду, алардын 70тен ашууну Shahed дрону болду", - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.
Днепропетров облусунун Синельников районунун 39 жаштагы тургуну жараат алганын, музей, магазин жана турак үй зыян тартканын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.
Дрон чабуулуна кабылганын Орусия да билдирди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин соңку маалыматына караганда, ишембиге караган түнү украиндердин 55 учкучсуз учагы Ростов, Брянск, Астрахан, Воронеж, Волгоград, Курск жана Белгород облустарынын аймактарынан атып түшүрүлдү.
АКШнын президенти Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленский менен БУУнун Башкы ассамблеясынын алкагында жолукканда америкалык курал-жарак менен Орусиянын аймагын аткылоого салынган тыюуну алып салышы мүмкүн экенин айтты. Бул тууралуу Wall Street Journal басылмасы америкалык аткаминерге жана украин бийлигинин өкүлүнө алардын атын атабастан шилтеме кылып жазды.
Ага ылайык, жолугушууда Зеленский Трамптан көбүрөөк алыска учкан ракета беришин суранып, америкалык курал-жарак менен Орусияны аткылоого салынган тыюуну алып салууну өтүнгөн. Кошмо Штаттарынын президенти мындай идеяга каршы эмес экенин айткан. Бирок басылманын булактары Зеленский мындай тыюу алынгандан кийинки кандайдыр бир жоопкерчиликти алган эмес.
Басылманын маалыматына караганда, келерки аптада украин делегациясы Вашингтонго барып Пентагондун жетекчиси Пит Хегсет менен жолугат.
Мунун алдында Зеленский Axios басылмасына курган маегинде Трамптан алыска жеткен курал-жарак сураганын ырастаган жана Трамп АКШ бул маселени карап көрөрүн айтканын билдирген.
Аталган басылма кийинчерээк өз булактарына таянып сөз эки миң чакырымга чейин жетчү “Томагавк” канаттуу ракеталары тууралуу болушу ыктымалдыгын жазды.
Мындан он күн мурда АКШ Европадагы өнөктөштөр менен макулдашылган жаңы схеманын алкагында Украинага курал-жарак жөнөтүү пакетин жактырган.
Дональд Трамп июлда Вашингтондо аскердик блоктун башкы катчысы Марк Рютте менен жолукканда Киевге абадан коргонуучу 17 "Пэтриот" системасы берилерин, алар "тез арада" майданга жеткирилерин айткан. Ачык маалыматка караганда, ушул тапта Украинада мындай жети система бар.
Орусиянын армиясы 26-сентябрда бир сааттын ичинде Украинанын Херсон аймагына 15 авиабомба таштаганын облустук администрация башчысы Александр Прокудин билдирди. "Соккудан улам административдик имарат жана тогуз үй зыян тартты. Жабыркагандар тууралуу учурда маалымат жок, - деп жазды ал.
Сумы шаардык бийлиги эл жашаган аймак чабуулга кабылганын, үйлөр зыян тартканын билдирди. Шаардык администрация башчысы Сергей Кривошеенконун айтымында, аймакка электр жана газ берүү үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.
Украинанын Аба күчтөрүнүн командачылыгы 26-сентябрга караган түнү орус армиясы 154 дрон учурганын, таңкы 7:30га карата анын 128и жок кылынганын кабарлады. Тогуз жерде 26 учкучсуз учактын чабуулу катталды.
Орусиянын Краснодар крайынын ыкчам штабы дрон чабуулунан кийин Афипский аймагындагы мунай заводунда өрт чыкканын кабарлады.
"Учкучсуз учактын сыныктары түшкөн. Жабыркагандар жок. 30 чарчы метр аянтта от тутанып, өчүрүлдү. Жеринде ыкчам жана атайын кызматтар иштеп жатат", - деп жазылган маалыматта.
Орусиянын Коргоо министрлиги Краснодар крайында украин армиясынын 55 дрону атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Украин бийлиги мунай заводго жасалган чабуул боюнча комментарий бере элек.
Афипский заводу "Сафмар" тобуна кирген мунайды кайра иштетүүчү ири ишкана. Анын мунайды кайра иштетүүдөгү кубаттуулугу жылына 6,25 млн тоннаны түзөт. Завод украин армиясынын соккусуна биринчи жолу кабылууда.