АКШнын дипломаттарынын билдирүүсүнө караганда, Украинадагы согушка Орусиянын армиясынын катарында 5 миңге чейин кубалык жарандар согушууда, ал эми Кубанын бийлиги Орусиянын басып кирүүсүн ачык колдоп жатат.
Кошмо Штаттардын дипломаттары башка өлкөлөрдүн өкүлдөрүн Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында АКШны Кубага карата ондогон жылдардан бери колдонулуп келген соода эмбаргосун алып салууга чакырган резолюцияны колдобоого ынандырууга аракет кылышууда.
Добуш берүү шаршемби күнү өтөрү күтүлүүдө.
Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин сөзүнө караганда, бир түндө Орусиянын армиясы өлкө аймагын 50 ракета, 500 дрон менен аткылаган.
"Бүгүн орусиялыктар биздин элдин туруктуу жашоосун камсыздап турган инфраструктурабызга кайрадан сокку урду. Америка жана Европа Путинди токтотуу үчүн аракет кылышы керек", - деп жазды Телеграм-каналында Зеленский.
Польшанын Куралдуу күчтөрүнүн оперативдик командачылыгы чек арага жакын аймактардагы чабуулга байланыштуу"бардык процедуралар активдештирилгенин", абага аскердик авиация көтөрүлгөнүн маалымдады. Жердеги абадан коргонуу системалары жана радиолокациялык чалгындоо каражаттары даярдалган.
Орусиялык аскерлер 5-октябрга караган түнү Запорожьеге чабуул жасаганын облустун аскердик администрациясынын жетекчиси Иван Федоров билдирди. Анын айтымында, "шахеддер" жана аралыктан башкарылуучу авиабомба менен ондой сокку урулган. Жыйынтыгында бир киши каза таап, он чактысы жараат алган. Жарадарлар арасында 16 жаштагы кыз бар. Федоровдун айтымында, көп кабаттуу сегиз үй жана киши жашабаган бир имарат талкаланган.
Облустук аскердик администрациянын жетекчиси билдиргендей, чабуулдун айынан 73 миңдей адам электр жарыгысыз калды. Анын 67 миңдейи облус борборунун, 6 миңдейи Запорожье районунун жашоочулары.
Шостка-Киев багытында каттаган жүргүнчү поезди Орусиянын армиясынын аткылоосуна кабылганын Сумы облусунун жетекчиси Олег Григоров билдирди.
Украинанын вице-премьер-министри Алексей Кулеба орусиялык аскерлер Шосткадагы темир жол бекетине эки ирет сокку урууга аракет кылган. Биринчи сокку Терещенская-Новоград-Северский каттамындагы жүргүнчү поездинин локомотивине тийди.
Кулебанын маалыматында, жүргүнчүлөр эвакуациялана баштагандан кийин экинчи сокку Шостка-Киев поездинин электровозуна тийген. Соккунун кесепетинен бир адам каза болуп, жети киши жараат алганы маалымдалды. Орусияны колдогон NEXTA live Телеграм-каналы соккулардын биринин видеосун жарыялады, анда сокку "Шахед" дрону менен жасалганы көрсөтүлгөн.
Украинада адам өлүмүнө алып келген бул окуяга байланыштуу аскердик кылмыштар боюнча кылмыш иши козголду.
Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согушун 2022-жылдын февралында баштаган.