Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ)Украинанын аскердик чалгын кызматынын операциясын үзгүлтүккө учуратканын 11-ноябрда жарыялады.
"Кинжал" ракетасын алып жүргөн МиГ-31 истребителин "чет өлкөгө уурдап чыгуу үчүн орус учкучтарына үч миллион доллар берем деп азгырууну пландаган операциянын алдын алганын" билдирди.
"9-ноябрдан 10-ноябрга караган түнү "Кинжал" ракетасы менен Украинанын Коргоо министрлигинин Киев облусунун Бровары шаарындагы радиоэлектрондук чалгын борбору жана Хмельницк облусундагы F-16 жайгашкан "Староконстантинов" аэродрому талкаланды", — деп жазылган ФСБнын билдирмүүсүндө.
ФСБ муну "масштабдуу чагым" деп атап, ал "британиялык Bellingcat долбоорунун кураторунун катышуусунда даярдалган", "Кинжал" ракетасы менен тик учакты Румыниянын аймагындагы НАТОнун аба базасы жайгашкан жерге жиберүү максат кылынган деп жар салды.
ФСБ буга эч кандай далил келтирген жок. Мекеменин өкүлү "Россия-24" (ВГТРК) телеканалынын эфиринде далил келтирбей туруп "Bellingcat "SIS (Британ падышалыгынын жашыруун чалгын кызматы) тарабынан көзөмөлдөнөрүн" айтты.
Bellingcat коррупцияга каршы иликтөөлөрдү чыгарып келет, анын ичинде орус президенти Владимир Путиндин режиминин кылмыштарын иликтөө менен алектенет. Орусия басылманы "жагымсыз уюм, чет элдик агент" деп тапкан.
Украина ФСБ тараткан билдирүүгө комментарий бере элек. Киев бир күн мурдагы соккулар тууралуу маалымат берген эмес. Броварыга акыркы жолу 22-октябрда сокку урулганын украиналык маалымат каражатттары жазып чыгышкан. 10-ноябрга оогон түнү Орусиянын Украинадагы жапырт чабуулу Хмельницк облусунда да болгон, анда "Кинжал" ракетасы колдонулганы айтылган.
Украин бийлиги бул соккуда аймакта курмандыктар жана кыйроолор болгон эмес деп кабарлаган.
Орусияда өкмөттүк комиссия Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет элдиктерди кылмыш жообуна тартуу үчүн өз өлкөсүнө өткөрүп бербөө тууралуу Кылмыш-процессуалдык кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү жактырды.
Бул тууралуу Орусиянын ТАСС, "Ведомости" жана RTVI медиалары өз булактарына таянып кабарлады.
Өзгөртүүлөр орус армиясы жана башка аскердик түзүмдөр менен келишимдин негизинде кызмат өтөгөн жана өтөп жаткан, алардын курамында согуштук аракеттерге катышкан чет элдиктер менен апатриддерге да тиешелүү.
Орусиянын Юристтер ассоциациясынын төрагасы Игорь Черепанов ТАСС агенттигине мындай чараны аскердик сыр менен маанилүү маалыматты сактоо максаты катары түшүндүргөн.
Өкмөттүн демилгеси менен өзгөртүүлөр "Орусия Федерациясына кирүү жана чыгуу жөнүндө", "Орусиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы тууралуу" мыйзамдарга киргизилип жатат.
Мындай чет элдиктердин Орусияда убактылуу жүрүү мөөнөтү кыскартылбайт, убактылуу жашоого уруксат берүүдөн баш тартылбайт жана уруксаты жокко чыгарылбайт, алардын өлкөгө киришине тыюу салынбайт.
Орус армиясына азгырылып, Украинагы каршы согушка катышкан чет элдиктер өз өлкөсүндө кылмыш жообуна тартылат. Мындай учурлар Кыргызстанда да бар.
Украинанын "Хочу жить"долбоору буга чейин Орусиянын армиясына тартылган Өзбекстандын 1110 (анын кеминде 109у согушта каза тапкан), Казакстандын 661, Тажикстандын 931, Кыргызстандын 360 (долбоордун маалыматында алардын 38и каза болгон) жаранынын аты-жөнүн жарыялаган. Украинадагы согушка азгырылып барып, ал жактан сөөгү келген кыргызстандыктардын саны улам көбөйүп жатат.
“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары.
Германия Украинага каржылык жардамды көбөйтүүнү пландап, 2026-жылы 11,5 млрд евро (13,4 млрд доллар) бөлүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу Рейтер агенттиги 10-ноябрда Германиянын бюджеттик документтерине таянып билдирди.
Буга чейин кийинки жылдын бюджетинде Украинаны колдоо үчүн 8,5 млрд евро каралары айтылып жаткан.
Берлин бюджет жана Украинадагы жардам тууралуу расмий маалымат жарыялай элек.
Германия Украинага аскердик жардам берген Европадагы чоң мамлекеттердин бири.
Орусия Украинага толук масштабдуу бастырып кирген 2022-жылдын февралынан бери немис өкмөтү Киевге 40 млрд евролук көмөк көрсөткөн.
Шатдаун же өкмөттү каржылоонун токтошунан улам АКШ НАТОдогу өнөктөштөрүнө жана Украинага курал-жарак жеткирүүнү убактылуу токтотту. Axios сайты билдиргендей, АКШнын Мамлекеттик департаментинин курал-жарак жеткирүүнү көзөмөлдөгөн кызматкерлери акы төлөнбөгөн өргүүгө чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, октябрдан бери аталган департаменттин төрттөн бир бөлүгү гана толук кандуу иштеп жаткан. Бул курал-жарак жеткирүүгө кедерги болду.
Маселе түздөн-түз өкмөттүк келишимдерге да, жеке компаниялар тарабынан лицензияланган курал-жарак жеткирүүгө да тиешелүү. Украина армиясы колдонгон AMRAAM жана HIMARS ракеталарын, ошондой эле Данияга, Хорватияга жана Польшага абадан коргонуу ракеталарын жеткирүүгө таасир этти.
Шейшембинин кечинде АКШда өкмөттүк каржылоонун токтошу өлкө тарыхындагы эң узакка созулган шатдаун болуп калды.
1-октябрдан бери уланып жаткан шатдаун Конгресстеги бюджетке байланышкан кайчы пикирлерден улам келип чыккан.
Каржылоонун токтошуна байланыштуу АКШда болжол менен 1,5 миллион федералдык кызматкер жумуштан бошотулду же айлыксыз иштеп жатышат. Шатдаун декабрь айына чейин уланса, аскер кызматкерлерине маяна берүү токтойт.
Кошмо Штаттарда каржы жылы 30-сентябрда жыйынтыкталып, 1-октябрдан тартып жаңысы башталат. 30-сентябрда Сенатта федералдык чыгымдарды каржылоо тууралуу эки мыйзам долбоору тең колдоо тапкан эмес.
Демократтар партиясы каржылоону улантуу үчүн сунуштаган мыйзам долбоору көпчүлүк добуш менен четке кагылды, анткени бул палатада алар азчылыкты түзөт. Ал эми Республикачылар партиясы сунуш кылган мыйзам долбоору алар көпчүлүктү түзгөнү менен жетиштүү добуш ала алган жок.
Бюджетке байланыштуу бир пикирдин жоктугу АКШ саясатында кадыресе көрүнүш болгону менен быйыл демократтар менен республикачылар ортосунда талаш-тартыш айрыкча курч, анткени Дональд Трамп быйыл январь айында президенттик кызматка киришкенден бери федералдык мекемелердин кызматкерлеринин санын жана каржылоосун улам кыскартып келе жатат.