Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:31

Түштүк-Чыгыш Азияда суу ташкындан каза тапкандар 1400дөн ашты


Тайланддагы суу ташкынынын кесепети.
Тайланддагы суу ташкынынын кесепети.

Өткөн аптада катуу жаандын кесепетинен Индонезия, Шри-Ланка, Тайланд жана Малайзиянын аймактарын каптаган селден жана жер көчкүдөн 1 400дөн ашуун адам мерт кетти. Эң ири жоготуулар Индонезияда катталды. Ал жакта кеминде 753 адам каза болду. Шри-Ланкада 465 адамдын өмүрү кыйылды. Президент Ануру Кумара Диссанаяке каза болгондордун так саны аныктала электигин айтты. Тайландда 185, Малайзияда үч адамдын өлүмү такталды.

Жалпы 1000ден ашык киши дайынсыз, айрым айылдар баткак менен уранды алдында калганы айтылууда.

Көптөгөн аймактарда электр жарыгы жана байланыш калыбына келе элек.

Индонезиянын президенти Прабово Субианто дүйшөмбү күнү жабыркаган аймактарга барды, ал жакка жардам көрсөтүлөрүн убада кылды.

Азырынча Индонезияда өзгөчө кырдаал жарыялаган жок. Ал эми Шри-Ланка эл аралык коомчулукка жардам сурап кайрылды. Каржыдан кыйналып турган өлкөнүн экономикасына табият кырсыгы ого бетер сокку урду.

Сел эгин талааларын каптап, күрүч жана жашылча-жемиш өстүргөн аймактарга катуу зыян алып келди.

Шерине

XS
SM
MD
LG