Мүлкү мүлжүнүп бараткан кооператив
Ысык-Көл районундагы «Чолпон-Ата керек-жарак» кооперативинин мүчөлөрү башкаруучу топту кооперативге тиешелүү мүлктөрдү макулдашпай сатып жиберди деп айыптап, мүлктөрдү кайтарсын, үлүштөрдү төлөсүн деп талап коюп жатышат. 1996-жылы кайра түзүлүп, уставы бекитилген «Чолпон-Ата керек-жарак» кооперативине тиешелүү көптөгөн соода-сатык имараттарынын эсеп-кысабын тактагысы келген жыйырмадай мүчөсү демилгелүү топ түзүп иштеп жатышат. Мындай демилге кооперативдин жетекчиси Болот Бейшебаев мыйзамсыз иш жасап жатат деген дооматынан улам келип чыккан.
Чыгарылыштар
-
Ноябрь 30, 2025Эл жаңы парламентке кандай депутаттар келишин каалайт?
-
Ноябрь 30, 2025Элге кандай депутат керек?
-
Ноябрь 13, 2025"Тонналаган товар Орусияга кирбей турат". Чек арадагы чектөө
-
Ноябрь 07, 2025Ош. Көмүр кымбат жана тартыш.
-
Ноябрь 05, 2025Кар жаады, жол тайгак, "чексиз тариф"
-
Ноябрь 03, 2025Электр жарыгына эмнеге чектөө кирди?