Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:57

Азербайжан: президенттин жардамчысы өкмөт башчы болду


Али Асадов.
Али Асадов.

Азербайжанда 8-октябрда президент Илхам Алиевдин экономика маселелери боюнча жардамчысы Али Асадов өкмөт башчы болуп дайындалды. Анын талапкерлигин парламентте 105 депутат бир добуштан колдоду.

63 жаштагы Асадов 2012-жылдан бери президенттин кеңешчиси болуп иштеп жаткан болчу. 

Мунун алдында, 8-октябрда 72 жаштагы Новруз Мамедов премьер-министрлик кызматтан күтүүсүз кетти. Өкмөт башчынын иштен алынышынын себеби ачык айтылган жок. Ал өкмөттү 2018-жылдын апрель айынан бери жетектеп жаткан. Премьер-министр болгонго чейин ал да Илхам Алиевдин администрациясында иштеген. 

Илхам Алиев Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат. Анын атасы, өлкөнүн ага чейинки президенти Гейдар Алиев ошол жылы көз жумган. 

 

XS
SM
MD
LG