Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:04

Зеленский АКШ делегациясы менен тынчтык келишиминин долбоорун талкуулады


Владимир Зеленский
Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский 20-ноябрдын кечинде америкалык делегация менен жолугушуудан кийинки билдирүүсүндө АКШ сунуштаган тынчтык планынын ар бир пунктун талкуулоо уланарын, азырынча украин тарап ал боюнча кандайдыр бир так маалымат берип же билдирүү жасабай турганын айтты.

Зеленский кайсы маселелер Украина үчүн принципиалдуу түрдө маанилүү экенин, тынчтык келишими өлкөнүн эгемендигине шек келтирбей, Орусия кайрадан кол сала албагыдай болушу зарылдыгын белгилегенин кошумчалады.

21-ноябрда айрым басылмалар АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан тынчтык планынын долбоорунда Украина Орусиянын айрым шарттарына макул боло тургандай пункттар бар экенин, Кошмо Штаттардын коопсуздук кепилдиги менен украиндер айрым жерлеринен баш тартууга мажбур болушу керектигин жазып чыгышты. Ушундай эле мазмундагы маалыматын 21-ноябрда украин парламентинин депутаты Алексей Гончаренко жарыялады, анда тынчтык келишимине кол коюлар замат бардык туткундар айырбашталып, атышуу токтой турганы жазылган.

Согуш шартында жарыяланган маалыматтардын баарынын аныктыгын тактоо мүмкүн эмес. (RK)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG