Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:06

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Пакистанга барат


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 3-4-декабрь күндөрү Пакистанда мамлекеттик сапар менен болот. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сагынбек Абдумуталип кабарлады.

"Сапардын алкагында Садыр Жапаров Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф, президент Асиф Али Зардари, Улуттук ассамблеянын (парламенттин төмөнкү палатасы) спикери Сардар Аяз Садик жана Сенаттын (парламенттин жогорку палатасы) төрагасы Юсуф Реза Гелани менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган бардык негизги тармактардагы эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, ошондой эле кыргыз-пакистан мамилелерин андан ары өнүктүрүү келечегин талкуулашат. Сапардын алкагында Кыргыз-Пакистан бизнес-форуму да өтөт”, - деди Абдумуталип.

Эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелер 1992-жылдын 10-майында түзүлгөн. Кыргызстандын президентинин Пакистанга соңку расмий сапары 2005-жылы болгон. Кыргызстан менен Пакистан Бириккен Улуттар Уюму, Шанхай кызматташтык уюму, Ислам кызматташтык уюму жана Экономикалык кызматташтык уюму сыяктуу эл аралык аянтчалардын алкагында кызматташып келет.

Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шариф Бишкекке сентябрда келген жана ШКУга мүчө мамлекет лидерлеринин саммитине катышкан.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG