Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

УКМК кыргыз-кытай жарандары никелешкен учурлар кескин көбөйгөнүн жокко чыгарды


Кыргызстан менен Кытайдын желекчелери. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстан менен Кытайдын желекчелери. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кыргызстандыктардын кытай жарандары менен никелешкен учурлары кескин көбөйгөнү тууралуу сөздөрдү төгүндөдү. Социалдык тармактарда жалган маалымат таратып, улут аралык кастыкты козуткандар жазага тартыларын эскертти.

"Социалдык тармактарда кыргыз-кытай жарандары никелешкен учурлар кескин көбөйгөнү тууралуу чагымчыл жана негизсиз маалыматтар тарап жатканына байланыштуу УКМК төмөнкүлөрдү маалымдайт: 2020-жылдан бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө катталган мындай никелердин саны болгону 129ду түзөт, алардын көпчүлүк бөлүгү КЭР жарандары болуп саналган ар кандай этникалык топтордун, анын ичинде этникалык уйгурлардын, дунгандардын жана башка өкүлдөрдүн ортосунда түзүлгөн. Титулдук улуттун өкүлдөрү менен кытайлыктар никелешкен 44 учур болгон, алардын көпчүлүгү Кытайга туруктуу жашоого кеткен. Бул процесстер Кыргызстандагы жалпы демографиялык кырдаалга таасир этпейт. УКМК расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш жоопкерчилиги жөнүндө эскертет", -деп жазылган маалыматта.

Кыргызстанда соңку күндөрү кытай жарандары көбөйгөн. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев өткөн айда буга байланыштуу комментарий берген жана кытай жарандары чоң долбоорлорду ишке ашырууга байланыштуу келгенин айтып, бийликтин көзөмөлүндө экенин билдирген.

Анын алдында, 5-ноябрда “Чайна-Роуд” жана “Чжунзцы” компанияларынын айдоочулары Чүйдүн Константиновка айылынын четиндеги карьерден кум-шагыл ташуу маалында жол талашып, жаңжал чыккан. Жаракат алгандардын бири – 20 жаштагы жигит ооруканага түшкөн. Бул окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “Бейбаштык” беренеси боюнча иш козголуп, Кытайдын 44 жараны милицияга жеткирилген. Алардын ичинен 16сы 2026-жылдын 15-январына чейин камакка алынган. Ушундан улам коомдо кытайлыктарга каршы маанай күчөгөн.

Бул окуяга президент Садыр Жапаров да комментарий берип, Кыргызстанда виза менен жүргөн кытайлык жарандар көзөмөлдө экенин айтып, айрым күчтөр чагымчылдык кылып жатканын билдирген. Президент Бишкекте “Алтай” шаарчасынын курулушунун башталыш аземинде да эл менен жолугушуп, кытай жарандары Кыргызстанга чоң долбоорлордун курулушу үчүн келип жатышканын билдирип, элди түшүнүү менен кабыл алууга чакырган.

19-ноябрда Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга расмий сапар менен келип, Садыр Жапаровдун кабыл алуусунда болгон. Кытайдын башкы дипломаты анда Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын өкүлдөрүнө мыйзамдарды так сактоо жана өлкөнүн каада-салттарын урматтоо зарыл экени түшүндүрүлүп жатканын айткан.


Шерине

 

XS
SM
MD
LG