Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

"Милиционер экени такталды". Ороктогу зомбулукка шектүү кармалды


Иллюстрация
Иллюстрация

Бишкекте 20 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) кабарлады.

Материалдар жана шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди. 37 жаштагы милиционер убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат. Бул окуя укук тартибин коргоо кызматкерлеринин жүрүм-туруму боюнча талкуу жаратты.

Милиция кызматкери кылмышка шектелип жатканы жабыркаганын айткан кыз укук тартибин коргоо органдарына арыз менен кайрылганда белгилүү болгон. Бишкектин четиндеги айылдардын биринде жашаган 20 жаштагы кыз Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кайрылган. Арызында ал 28-ноябрда милиция кызматкеринен ыдык көргөнүн билдирген.

Ички иштер министрлигинин бул окуя тууралуу расмий маалыматында шектүү киши милиция кызматкери экени аныкталганы жазылды:

"Арызында ал 28-ноябрда түнкү саат 23:30 чамасында Орок айылы тарапта таанышы менен унаанын ичинде отурган кезде аларга белгисиз адам келип, өзүн милиция кызматкери катары тааныштырганын жазган. Андан соң арыз ээсинин таанышын дүкөнгө жибергенден кийин кызды коркутуп, психологиялык басым жасап жана күч колдонуу менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандыгын билдирген. Кылмыш ишинин алкагында ИИМдин Ички иликтөө кызматы арызда көрсөтүлгөн жаран К.Ж. аттуу киши милиция кызматкери экендигин аныктап, кармап, Тергөө кызматына жеткирген. Материалдар жана шектүү УКМКнын тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген".

ИИМ бул билдирүүсүндө өз катарындагы тартип бузган же мыйзамсыз иш-аракеттерге барган кызматкерлерди тазалоо иштерин улантып жатканын кошумчалады.

Жабыркаганын айтып милицияга кайрылган кыздын өзү же анын жакындары менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

№107 Орок муниципалдык аймагынын башчысы Анара Касымова окуя тууралуу билгенин айтып берди:

"Түнкү саат 12 чамасында жабыркаган кыз биздин жашоочу экен. Кыздын жанындагы жигит да, кармалган милиция кызматкери да биздин айылда жашабайт. Мунун баары козголгон кылмыш ишинин материалдарында жазылган. Түнкү саат 12де кыздын жигитин коркутуп, дүкөнгө жөнөтүп жиберген экен. Биз угуп, сураштырдык. Бирок, жабыркаган кыздын үйүнө баруу биздин компетенцияда эмес. Тергөө жүрүп жатат дейт, фамилиясын, аты-жөнүн мен бере албайм. Бизге да бербейт. Мэриянын атынан бүгүн эл менен жолугушуу өткөрүп, мындай окуяларды алдын алуу аракеттери көрүлөт".

Кылмышка шектүү тууралуу маалымат аз, ал 37 жашта экени, милиция кызматкери болуп иштери гана кабарланды.

Козголгон кылмыш иши алкагында чогултулган материалдар жана шектүү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Кыргызстандын акыйкатчысынын маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери аталган мекеме өлкөдө катталган зордуктоо фактылары боюнча 28 ишти карады жана арасында укук тартибин коргоо кызматкерине байланыштуу бир иш тууралуу маалымат прокуратурага жөнөтүлдү.

Бул тууралуу "Азаттыкка" акыйкатчы аппаратынын Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарынын сакталышына көзөмөл жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы Үмүт Абылгазиева билдирди:

Үмүт Абылгазиева
Үмүт Абылгазиева

"Жакынкы күндөрү массалык маалымат каражаттары Бишкектеги парктардын биринде жашы жете элек кыз милициядан зомбулук көргөнүн маалымдаган эле. Акыйкатчы институту буга байланыштуу Башкы прокуратурага расмий кайрылуу жолдогон. Прокуратурадан "азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө" деген жооп келген. Мындай кылмышты милиция кызматкери жасап жатканы, албетте, ого бетер кооптонуу жаратат. Анын үстүнө, жарандардын коопсуздугуна жооптуу болгон күч кызматкерлери өзүлөрү ушундай кылмышка шектелип жатса жалпы эле укук тартибин коргоо органдарына карата ишеничти азайтат эмеспи".

Ороктогу окуяга шектүү милиция кызматкери болгондуктан ишти териштирүүдө айрым кыйынчылыктар жаралышы ыктымал деген оюн адвокат Нурсултан Муталип уулу билдирди. Ал зордук-зомбулукка байланыштуу кылмыш иштеринде милиционер шектүү катары өтө турган болсо, анын күнөөсүн далилдөө абдан кыйын болорун белгилейт.

Жактоочу 20 жаштагы кыздын арызы боюнча териштирүү коомчулуктун көзөмөлүндө болушу зарыл деп эсептейт:

Нурсултан Муталип уулу
Нурсултан Муталип уулу

"Көп учурда иш орто жолдон кыскарып кетет. Ар кандай экспертизалардын жыйынтыгы өзгөрүлүп кетет. Менин тажрыйбамда жазасыз калып калгандар көп болгон. Тилекке каршы, бизде сот адилеттүүлүгү аксап жаткандай, себеби кылмышкерлер жазадан кутулуп кеткен жагдайлар бар. Алар "ии, ушинте берсем болот турбайбы" деген ойдо калышат".

Адвокаттын айтымында, жабыркаган кыздар "эл эмне дейт" деген түшүнүктөн улам өз жакындарынын эле басымына туруштук бере албай, милицияга жазган арызын кайтарып алган, иш жабылып калган учурлар көп.

Кыргызстанда соңку жылдары аялдарга жана балдарга каршы үрөй учурган зомбулук фактылары тууралуу маалыматтар көп чыгып жатат.

Жакында Ысык-Көлдө 17 жаштагы окуучу Айсулуу Мукашеваны зордуктап өлтүрүүгө шектелген Кумарбек Абдыровдун мурдагы кылмыш ишин караган үч экс-судья, прокуратуранын бир кызматкери жана шектүүнүн мурдагы адвокаты камалды. Милиция тараткан маалыматта Абдыров мындан он жыл мурда да зомбулук үчүн айыпталганы, бирок жеңил жаза алып, бошонуп кеткени айтылган. Мындан улам коомчулукта эгер ал ошондо тийиштүү жазасын алып, камакта калса Айсулуу Мукашева аман калат беле, анын торуна түшпөй калат беле деген пикирлер жазылган.

Бул каргашадан кийин Кыргызстанда бала зордуктаган же аялды зордуктап өлтүргөн кылмышкерлерди өлүм жазасына тартуу демилгесин президент өзү көтөрүп чыккан.

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өлүм жазасын киргизүүнгө каршы экенин билдирген, балдарга жана аялдарга жасалган кылмыштарга байланыштуу маселени мындай чара чечпей турганын айткан.

Конституциялык сот Баш мыйзамга өлүм жазасын киргизүү тууралуу президент Садыр Жапаровдун сунушу келип түшкөнүн 3-декабрда билдирди.

Шерине

 

XS
SM
MD
LG