Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Украинанын АКШдагы элчиси Уиткофф менен Умеров Флоридада жолугарын ырастады


Владимир Путин 2-декабрда Москвада АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер баштаган америкалык делегация менен жолуккан.
Владимир Путин 2-декабрда Москвада АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер баштаган америкалык делегация менен жолуккан.

Украинанын АКШдагы элчиси Ольга Стефанишина Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров бейшембиде Флоридада Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамптын чабарманы Стив Уиткофф менен жолугарын ырастады.

Мунун алдында бир катар батыш басылмалары Уиткоффтун орус президенти Владимир Путин менен жолугушуусунун жыйынтыгын талкуулоо үчүн Умеров 4-декабрда АКШга келерин жазышкан.

Стефанишина украиналык "Суспільне" коомдук каналына берген комментарийинде жалпы сүйлөшүүлөрдө жылыш деле болбогону менен процесс уланып жатканын айткан.

"Рустем Умеров америкалык жана европалык өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жаткан делегациянын башчысы, ал бейшембиде АКШга учуп келет жана бул жактагы делегация менен дагы сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Ошондон кийин гана кандайдыр бир жыйынтык чыгарса болот",-деген элчи.

Владимир Путин 2-декабрда Москвада АКШнын президенти Дональд Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана күйөө баласы Жаред Кушнер баштаган америкалык делегация менен жолуккан. Жергиликтүү басылмалар Орусиянын Украинага каршы согушун токтотуу тууралуу сүйлөшүүлөр дээрлик беш саатка созулганын, Уиткофф жолугушуудан кийин АКШнын Москвадагы элчилигине жөнөп кеткенин жазышкан.

Эки тарап тең жолугушуунан чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

ТАСС маалымат агенттиги бул сүйлөшүүлөргө катышкан Путиндин кеңешчиси Юрий Ушаковдун комментарийин жарыялаган. Анда Кремлдин өкүлү аймактык маселеге байланыштуу орток пикир табылбаганын билдирген.

Өткөн айда Вашингтон 28 жободон турган "тынчтык планын" сунуш кылгандан кийин Киев жана анын Европадагы өнөктөштөрү өз долбоорун чукул иштеп чыгууга киришкен. Байкоочулар Ак үйдүн планы Орусиянын кызыкчылыгын жактап түзүлгөнүн белгилешет. Айрым украиналыктар ал документти төрт жылдык согуштан кийин "душманга багынып берүү" катары кабыл алган.


Шерине

XS
SM
MD
LG