АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы 19 мамлекеттин жарандарынын иммиграциялык арыздарынын баарын кароону токтотту. Бул тууралуу Кошмо Штаттарынын Жарандык жана иммиграция кызматтарынын (USCIS) меморандумунда жазылганы белгилүү болду.
Сөз Ооганстан, Бирма, Чад, Конго Республикасы, Экватор Гвинеясы, Эритрея, Гаити, Иран, Ливия, Сомали, Судан, Йемен, Бурунди, Куба, Лаос, Сьерра-Леоне, Того, Түркмөнстан жана Венесуэланын жарандары тууралуу болуп жатат.
Өткөн айдын аягында Трамп "жакыр, үчүнчү өлкөлөрдөн миграцияны толук токтотууга" убада кылган. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармактагы баракчасына Вашингтондо 26-ноябрдагы аткылоодо Улуттук гвардиянын эки аскери жаракат алып, алардын бири каза болгондон кийин жазган.
Өз билдирүүсүндө Трамп мигранттарды катуу сынга алып, миграцияны токтотуу "америкалык системаны толук калыбына келишине" жардам берерин кошумчалаган. Анын айтымында, мурунку иммиграциялык саясат "көптөгөн америкалыктардын жетишкендиктерин жана жашоо деңгээлин төмөндөтүп" койгон.
USCIS 27-ноябрда 19 "кооптуу" өлкөдөн келгендерди текшерүү күчөтүлөрүн маалымдаган.
Вашингтондогу кол салууга айыпталып Ооганстандын 29 жаштагы жараны кармалган. Ал Американын Ооганстандагы аскердик операциялары маалында Борбордук чалгын кызматы менен иштешип жүргөнү маалым болгон. Кийин Вашингтондун аскерлерине жардам берген адамдарды көчүрүп келүү программасы аркылуу Америкада отурукташкан.
26-ноябрдагы кол салууда жабыркагандардын бири 20 жаштагы Сэра Бекстром ооруканада каза болгон, 24 жаштагы Эндрю Вулф оор абалда экени айтылган. Шектүүнүн өзү да жарадар болгон, бирок өмүрүнө коркунуч жок экени маалымдалган.
Трамп буга чейин мыйзамсыз миграцияны азайтууга убада берип, президент болгондон кийин рейддер жана депортациялар АКШдагы бир катар мигранттардын жашоосун татаалдатты.
Илимий изилдөөлөр миграция кылмыштуулукту күчөтөт деген түшүнүктү четке кагат.
Шерине